Ырчы Бек Исраилов Белорусияда өткөн музыкалык сынакта байгелүү орунду ээледи
RU

Ырчы Бек Исраилов Белорусияда өткөн музыкалык сынакта байгелүү орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Бек Исралиов "Славян базары" музыкалык сынагында 3-орунду ээледи. Сынак 16-17-июль күндөрү Беларусь өлкөсүнүн Витебск шаарында өтүп, ага 14 өлкөдөн катышты.

Музыкалык сынактын биринчи конкурстук күнүндө ырчы Бек Исраилов Александр Серовдун "Я люблю тебя до слёз" аттуу ырын аткарды. Экинчи турунда дүйнөлүк хит ырлар аткарылды.

Бек Исралиов финалда 68 упай менен үчүнчү орунду ээледи. Бул орунга Армениядан келген ырчы да татып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкты тең (2500 доллар) бөлүштү.

Белгилей кетсек, ырчы "Жаӊы толкун-2012" сынагынын катышуучусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7553