Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев кармалды
RU

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 10-октябрда коопсуздук комитеттин кызматкерлери буга чейин козголгон кылмыш ишинин (4-октябрда) алкагында Бажы кызматынан төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашевди суракка чакырган. Сурактан кийин ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Азырынча Карашевдин кайсы эпизод боюнча кармалганы белгисиз.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө кримавторитет Камчы Көлбаев жок кылынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14708