Жалал-Абадда 5 жаран уюшкан кылмыштуу чөйрөдөн баш тартты
RU

Жалал-Абадда 5 жаран уюшкан кылмыштуу чөйрөдөн баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 5 мүчөсү кармалып, кылмыштуу чөйрөнүн идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 9-11-октябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында "Бандит" аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чара жүргүзүлүдү. Анын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак, Ноокен, Токтогул РИИБдердин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштуу чөйрөдө орду бар 5 жаран Камчы Асанбектин (Көлбаев) идеологиясын колдобой тургандыгын билдирип чыгышты.

Алар мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса жоопкерчилик тартууга даяр экендиктерин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14710