Россия Кыргызстанга Ми-8 тик учагын берди. Сүрөт
RU

Россия Кыргызстанга Ми-8 тик учагын берди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагын берди. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, тик учак Бишкекке конду.

Айтымында, Садыр Жапаровдун Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды.

"Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, кошумча май бактары бар, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат", - деп айтат Орунбеков.

Белгилесек, февраль айында Садыр Жапаров Россиядан 20 миллион долларга жакын суммага жардам иретинде 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир Ми-8 тик учагы келерин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14731