Жаракат алып, манжалары иштебей калган аскер кызматкери кайрылуу жасады
RU

Жаракат алып, манжалары иштебей калган аскер кызматкери кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы сентябрь айында Тажикстандын кол салуусунан жаракат алган аскер кызматкери кайрылуу жасады. Ал майып болуп калганын, ошого байланыштуу жумуштан кеткенин, бирок пенсияга чыгуу аракетинен майнап чыкпай жатканын айтат.

Мындан улам ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылууга аргасыз болгонун белгилейт.

"2022-жылы 16-сентябрда Достук заставасында күзөттө тургам. Коогалаң башталганда ийиниме ок тийип, жаракат алгам. Ок ийинимден кирип, колтугумдан чыккан. Ушундан улам азыр манжаларым иштебей калды, физикалык жумуштарды жасай албайм. Азыр майыптыгым боюнча пенсияга чыгайын десем ал жакка бар, бул жакка бар деп жатышат. Министрлик ден соолугу жарабайт, майыптыгы боюнча топко чыксын деген чечим чыгарган. Бирок канчанчы топ экени, мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Тиешелүү жакка барсам башка жакка жиберишет. Ден соолугумдан улам жумуштан чыкканыма байланыштуу кенемте алганга аракет кылдым. Бирок ал маселе боюнча деле тиги жакка бар, бул жакка бар дегенден башка сөз уга албайм", - деп нааразы болду.

Аскер кызматчысы дарыланайын деп ооруканага кайрылса деле ушундай көрүнүштөр болгонун белгиледи.

"Ооруканага барсам Бишкекке бар, биздин укугубуз жок дешет. Өзүм Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын тургунумун. Биз элим, жерим деп жүрүп жаракат алдык. Эмнеге бизди карабай жатышат? Таанышы барлар алып жатат. Ал чындык, бизге окшогон карапайым дыйкандын баласын эч ким карабайт. Эмне себептен?", - деп суроо салды.

Ал кошумчалагандай, 2023-жылы президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө да кайрылган. Чиновник жардам берүүнү убадалаган, бирок сөз түрүндө эле калып калды дейт.

Эске салсак, 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кагылышууда 51 аскер кызматкери, анын ичинде 42 чек арачы каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14733