Экс-министр Динара Кутманованын уулу кармалды. Видео
RU

Экс-министр Динара Кутманованын уулу кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы экология министри Динара Кутманованын уулу Жер казынасын пайдалануу тармагындагы коррупциялык алдамчылыкты уюштурган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда УКМКдан кабарлашты.

Коопсуздук комитети тарабынан буга чейин Экология жана техникалык көзөмөл (Жаратылыш ресурстар министрлиги) жана "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду Жаратылыш ресурстар министрлигинин жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталып жана бөгөт коюлган. Коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Түркияда жашынып жүргөн коррупциялык топтун дагы бир уюштуруучусу - экс-министр Динара Кутманованын уулу К.Кутманов кармалды.

"К.Кутмановго Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган. Анын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кыргызстанга алынып келинип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - дешет комитеттен.

*****

"Коррупция" беренеси менен козголгон кылмышты тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Динара Кутманованын уулу К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен фонддун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% алып тургандыгы боюнча далилдер алынган. Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 миллион сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле ал "Жашыл Мурас" долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган.

К.Кутманов "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындаган.

2021-жылдан азыркы мезгилге чейин "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын каражаттарынан Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң доллар өлчөмүндө каражат, (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн сом) бөлүнгөн. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.

Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" (ИӨФ) 720 миллион сомду башка максаттарга пайдаланып, анын ичинен мамлекетке 192 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине 56 миллион сом кайтарды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстанга чыгып, 13-июнда Москва шаарына учкан. Андан ары Түркиянын Стамбул шаарына барып, ошол жакта жүргөнү аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14746