Айдоочулук күбөлүгү жок. Ошто 3 окуучуну сүзүп кеткен аял камакка алынды
RU

Айдоочулук күбөлүгү жок. Ошто 3 окуучуну сүзүп кеткен аял камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 3 окуучуну унаасы менен сүзүп, бир окуучунун өлүмүнө себепкер болгон айдоочу 2 айга камалды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Ош ШИИБден билдиришти.

Окуя 5-октябрда Б.Осмонов көчөсүндө болгон. Анда 1987-жылы туулган М.М. аттуу аял унаасы менен 3 окуучуну сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 2010-жылы туулган окуучу оор абалда ооруканага түшүп, 11-октябрда каза болгон.

Айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 13-октябрда киргизилип, 15-октябрда баш коргоо чарасы тандалды.

Кармалган айдоочу сентябрь айында дагы 11 жашар баланы сүзүп кеткен. Жабырлануучу облустук балдар ооруканасына жеткирилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14753