Бир көзүнүн көрүүсүнөн ажыраган чек арачыга Ташиев батир берди
RU

Бир көзүнүн көрүүсүнөн ажыраган чек арачыга Ташиев батир берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда жаракат алган чек ара Таирбек Инхамовго батир тартуулады. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Коопсуздук комитеттен билдиришти.

Чек арачы Таирбек Инхамовго Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Камчыбек Ташиев согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын белгиледи.

Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Т.Инхамов минометтун жарылуусунан эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен. Ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда Т.Инхамов ата-энеси менен жашайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14764