Баткендиктер министрден мектепке кирип көрүүнү суранышты (үрөй учурган сүрөттөр)
RU

Баткендиктер министрден мектепке кирип көрүүнү суранышты (үрөй учурган сүрөттөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев иш сапары менен Баткен облусуна барган. Министр башка чиновниктер менен биргеликте авариялык абалдагы мектептерди көрүп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Атка минерлер Лейлек районунун Булак-Башы айылындагы орто мектепти жана Исфана шаарынын четиндеги Мырзапатча айылндагы мектепти көрүп келишти.

Алар мектептерге жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен барышкан. Имараттардын авариялык абалы менен таанышып, жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп келишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5627