Токтогулда зордуктоого айыпталган жигиттин жакындары кызга сөйкө салууну сунушташкан
RU

Токтогулда зордуктоого айыпталган жигиттин жакындары кызга сөйкө салууну сунушташкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-июнда Жалал-Абад облустук соту 13 жаштагы кызды зоруктоого айыпталган Токтогул шаарынын тургуну М.А`га карата Токтогул райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Айыпталуучу жалпы режимдеги колонияга сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу. Бул тууралуу "Адилет" укуктук уюмунун маалыматында айтылат.

Ошондой эле сот келтирилген материалдык зыян үчүн (транспорттук чыгымдар, экспертизалар, эксперттердин кызматы жана башкалар) айыпталуучудан 184 500 сом өндүрүү чечимин да күчүндө калтырды.

Окуя тууралуу

2022-жылы апрель айында 26 жаштагы М.А. 13 жаштагы О.Ш. аттуу кыз менен таанышып, ага көңүлү бар экенин билгизип, тоого алып барган. Май айынан июнь айына чейинки аралыкта жигит окуучу менен бир нече ирет жыныстык катнашка барган. Алгачкы катнаш кыздын үйүндө болгон, ал учурда үйдө эч ким болгон эмес. Июль айынын ортосунда М.А. кызды белгисиз тарапка алып кеткен. Ошондо секелектин жакындары милицияга кайрылган. 4 күндөн кийин укук коргоо кызматкерлери жигит менен кызды Бишкектен табышкан. М.А. сүйүү бар деп кызды ынандырып, жыныстык катнашка барганы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жигит кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында кыздын жашы канчада экенин билбегенин айткан. Окуучу кыздын мыйзамдуу өкүлдөрү 20-июлда милицияга арыз менен кайрылып, кийин шектүүгө 157-берене (16 жашка чыга электерге карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо) менен айып тагылган.

Айыпталуучунун жакындары ишке таасир этүүгө аракет кылышкан: алар жабырлануучунун ата-энеси менен сүйлөшүп, кызга сөйкө салып, куда түшүүнү сунушташкан.

Жабырлануучунун кызыкчылыгын коргогон адвокат Равшан Абдуллаев белгилегендей, соттолуучу кылган ишин такыр моюнга албай, өкүнүчүн билдирген эмес. Судья жигитти минималдуу мөөнөттө жазасын өтөө боюнча өкүм чыгарып койгон.

"Эгер соттолуучу кылган ишине өкүнсө бул жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары каралышы мүмкүн эле. Бирок соттолуучу кылмышка катыштыгы бар экенин акырына чейин четке каккандыктан, ага эң көп 10 жылга чейин мөөнөт берсе болмок", - деген жактоочу биринчи инстанциянын өкүмүнөн кийин.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13053