Кикбоксер Ален Офойо айдоочунун тишин кагып салган окуя боюнча милиция маалымат берди
RU

Кикбоксер Ален Офойо айдоочунун тишин кагып салган окуя боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү кыргызстандык кикбоксчу, эл аралык спорт чебери, ышкыбоздор арасында Азиянын, Европанын жана Евразиянын чемпиону Ален Офойо айдоочунун тишин кагып салып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, бир нече күн мурда спортчунун жубайы Бишкектин көчөлөрүнүн биринде BMW X7 унаасынын айдоочусу менен жол талашып кеткен. Мындан улам Ален Офойо жубайына жардамга келип, айдоочуну сабап, эки тишин кагып, кетип калган.

Бул окуя боюнча Октябрь РИИБдин маалымат кызматы маалымат берип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

22-октябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Б.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздануучу ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Юнусалиев көчөсүндө О. аттуу жаран менен айтыша кетип, натыйжада бетине сокку жеп, эки тишин түшүп калганын айткан.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери барып, 1990-жылы туулган О.Э., 1982-жылы туулган А.О., 1985-жылы туулган Б.У. жана 1988-жылы туулган Т.А. аттуу жарандарды милиция бөлүмүнө жеткирди. Кийинчерээк алар эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Ошондой эле экинчи тарап да арыз жазганы белгилүү болду. Учурда тергөө иштери уланууда. Керектүү экспертизалар дайындалып, корутунду даяр болгондон кийин бардык тиешелүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилерин кошумчалашты милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14785