Баласын көтөрүп турган кыргызстандыкты сабаган казак мушкерине издөө жарыяланды
RU

Баласын көтөрүп турган кыргызстандыкты сабаган казак мушкерине издөө жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандык бокс боюнча дүйнөнүн мурунку чемпиону Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Казакстандын Укуктук статистика жана атайын эсеп органдарынын порталына маалымдалды.

Эске салсак, 18-июнь күнү Астанадагы соода жана оюн-зоок борборунун фуд-кортунда профессионал жергиликтүү мушкер Бейбут Шуменов кичинекей баланы колуна кармап турган кыргызстандыкка кол салган. Окуя болгон жерге патрулдук милиция келип, мушташтын катышуучуларын аныктап, жабырлануучуну соттук-медициналык экспертизага жөнөтүшкөн. Андан соң материалдар райондук милиция кызматкерине жөнөтүлүп, ал өз кезегинде андан кылмыштын курамын таппай, ишти жаап салган.

Видео социалдык тармактарга тарагандан кийин гана Казакстандын Ички иштер министрлиги мушкерге карата "бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.

Учурда ошол эле Казакстандын ички иштер министрлиги жергиликтүү спортчуну издеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13606