Тенгиз Бөлтүрүккө козголгон кылмыш иши сотко өттү
RU

Тенгиз Бөлтүрүккө козголгон кылмыш иши сотко өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүккө карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, иш материалдары сотко өттү. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Алар маалымдашкандай, узап кеткен аптанын аягында Аскердик прокуратуранын тергөөчүлөрү Тенгиз Бөлтүрүк жана башка айыпталуучуларга козголгон кылмыш ишинин материалдарын маңызы боюнча кароо үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп беришкен.

Райондук соттон материалдар сотко өткөнүн, бирок соттук отурумдун мөөнөтү белгилене электигин Kaktus.media сайтына тастыкташты.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Тенгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтагы коррупциялык схемадан улам алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Бул сумманын ичинен 10 миллион сомду Т. Бөлтүрүк өзү төлөп бергени маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14786