Тенгиз Бөлтүрүк эки компаниядан айына 100 миң доллар айлык алган
RU

Тенгиз Бөлтүрүк эки компаниядан айына 100 миң доллар айлык алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу катары "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингинен айына 45 миң доллар маяна алып турган. Бул айлык акыны каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен. Андан сырткары Кумтөрдөн айына 55 миң доллар маяна алып турган. Муну менен Бөлтүрүк айына 100 миң доллар айлык алган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Айтымындарында, Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, 2021-жылдын августунда Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компанидеги" бир айлык маянасынын өлчөмүн 40 миң долларга өзгөрткөнүн, ошол эле учурда убактылуу жетекчинин айлык акыны жогорулатуу чечимине эч кандай далилдүү документтер жок болгондугун аныкташкан. 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин Тенгиз Бөлтүрүктүн сый акысынын жалпы суммасы 473,2 миң долларды түзгөн. 2021-жылдын 21-декабрында Тенгиз Бөлтүрүк өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы бөлүштүргөн.

Kaktus.media сайтына берилген документтерден "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан тышкары Тенгиз Бөлтүрүктүн "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингиндеги бир айлык маянасы 45 миң доллар экени белгилүү болду.

Кыргызстандын каржы министри менен "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингдин төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу 2021-жылдын 21-декабрынан тартып 5 жылдык мөөнөткө айына 45 миң доллар маяна менен эмгек келишимин түзүшкөн.

Башкармалыктын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк жылдын жыйынтыгы боюнча үстөк акыга, башка социалдык жеңилдиктерге жана кепилдиктерге, ошондой эле эмгек келишиминде жана коомдун жергиликтүү актыларында каралган башка төлөмдөргө укуктуу болгон.

Эң консервативдүү эсептөөлөр боюнча, Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын сентябрына чейин 600 миң доллар тапкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер кабинети "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдинги бюджеттен каржыланары тууралуу маалымат берген. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери холдинг 3,4 миллиард сомго капиталдаштырылган. Бул каражаттар бюджетке кайтарылып, 700 миллиону холдингге калтырыла турганын билдирген. 680 миллион сомдой бюджетке салык, кен чыккан жерлерге лицензия үчүн төлөмдөр, Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы милдеттенмелерди аткаруу түрүндө кайтарылышы керек болчу. Болжол менен 20-30 миллион холдингдин кызматкерлерине эмгек акы төлөө, имараттарды ижарага алуу жана башка чыгымдарга жумшалмак.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Тенгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

"Бул сумманын 10 миллион сомун Тенгиз Бөлтүрүк өзү төлөгөн. Акчаны 2023-жылдын 27-апрелинде Тогузбаев Чыңгыз Турсунбекович которгон, бирок ал ким экени белгисиз", - дешкен өздүк булактар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13873