Бишкектеги СИЗО-1 башка аймакка көчүрүлөт. Ага президенттин фондунан каражат бөлүндү
RU

Бишкектеги СИЗО-1 башка аймакка көчүрүлөт. Ага президенттин фондунан каражат бөлүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазаларды аткаруу кызматынын төрт объектиси шаардан сырткары көчүрүлөт. Бул туурасында ведомствонун 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу кеңешмеде ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы түзөтүү абактары шаардан сырткары көчүрүлөт. Буга байланыштуу Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында 10-мекеменин, Сузак районунун Таш-Булак айылында ТИЗО-53 куруу иштери улантылууда. Бул эки объектке тең мамлекеттик бюджеттен 705 млн сом сарпталган.

Андан тышкары Бишкектеги ТИЗО-1ди (СИЗО) шаар сыртына көчүрүү үчүн Президенттин фондунан 26 млн 300 миң сом бөлүнгөн. Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы (СИЗО-50 аймагында) 2000 орундуу жаңы тергөө абагына сметалык долбоорлоо документин иштеп чыгуу сунушталган.

Ошондой эле кеңешмеде Петровка айылындагы №8 абагында соттолгондор үчүн 250 орундуу жатакана (64,8 млн сом), №27 мекемедеги 3 кабаттуу 180 орундуу жатакана (250 млн сом) жана №19 мекемеде соттолгондор менен узак жолугушуу үчүн бөлмөлөр курулганы (550299 сом), негизги тосмо капиталдык оңдоодон өткөрүлүп (2 млн 375 сом),№31 мекемеде оорукана менен ашкананын ортосуна асфальт жана тосмо төшөлгөндүгү кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14792