Нурдан Орунтаев Бишкектеги "Ожак кебап" кафеси эмнеге буздурулуп жатканын айтты
RU

Нурдан Орунтаев Бишкектеги "Ожак кебап" кафеси эмнеге буздурулуп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Чүй кең көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги "Ожак кебап" кафесинин кошумча курулушу буздурулууда. Жеринде көзөмөл кылып жүргөн мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Kaktus.media сайтына кошумча курулуш эмнеге демонтаждалып жатканын айтты.

"Тротуарды тосуп калганы үчүн буздурулууда. Кафенин кардарлары унааларын жолго токтотуп коюп, жол тар болуп, тыгын жаралыпы жатат. Ижарачылардын айтымында, алар ай сайын 7 миң доллар төлөп келишкен. Бирок мэриянын бюджетине жылына 100 миң сом эле түшүп турган", - деди Орунтаев.

Иштин жүрүшүндө жеңил конструкциялардан жасалган кошумча курулуш бузулуп, 0,02799 га түзгөн муниципалдык аймак бошотулуда.

Буга чейин, 22-августта Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14795