Бишкектеги кафенин кошумча курулушу буздурулууда. Вице-мэр Орунтаев жеринде жүрөт
2040
Социалдык тармакка Бишкектин Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча видео жарыяланган. Бишкек мэриясы тоскоолдук жараткан объектилер бузуларын маалымдады.
slide 2 of 3
Натыйжада Горький көчөсүндө жайгашкан "Халил Ибрагим" кафесинин кошумча курулушун бузуу иштери башталды.
Андан тышкары ушул эле көчөдө мыйзамсыз курулган объектилер 3 объект демонтаждалууда.
Буга чейин администрация тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14166