Курманкул Зулушев Түркияда жабыркаган кыргызстандыктардын ишине тынчсызданды
RU

Курманкул Зулушев Түркияда жабыркаган кыргызстандыктардын ишине тынчсызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушев жетектеген делегация Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн башкы прокурорлор кеңешинин экинчи отурумуна катышууда. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйынга Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркиянын башкы прокурорлору катышты.

Анда түрк тилдүү өлкөлөрдүн мейкиндигинде трансулуттук кылмыштарга биргеликте чара көрүү, алардын алдын алуу үчүн тыгыз кызматташуу маселелери каралды. Отурумдун соңунда прокуратура органдарынын эл аралык кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган атайын декларацияга кол коюшту.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары Курманкул Зулушевдин Түрк тилдүү өлкөлөрдүн башкы прокурорлор Кеңешинин үчүнчү жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө сунушун бир добуштан колдошту.

Түрк тилдүү мамлекеттердин башкы прокурорлор Кеңешинин мүчөлөрүн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кабыл алды.

Жыйындын алкагында Курманкул Зулушев Түркиянын Юстиция министри Йылмаз Тунч жана Башкы прокурору Бекир Шахин менен жолугушуп, эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташуусун бекемдөө, тажрыйба алмашууну жакшыртуу, кылмыш иштер боюнча бири-бирине укуктук жардам көрсөтүү, кылмыш жообуна тартыла турган адамдарды өткөрүп берүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын башкы прокурору өз кесиптешинен Түркияда Кыргыз Республикасынын жарандары жабырланууучу болуп жаткан кылмыштардын тергөө иштерин көзөмөлгө алууну жана кыргыз жарандарына зарыл болгон юридикалык жактан жардам берүүнү өтүндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14807