Өспүрүм кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектүү суицид жасады
RU

Өспүрүм кызга ыплас аракеттерди жасаганга шектүү суицид жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жашы жете элек кызга сексуалдык ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдирет.

Маалыматка караганда, 24-октябрда Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жашы жете элек кызга карата ыплас аракеттерди жасаганга шектелип 1973-жылы туулган С.И.Ж. кармалган. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгон, жабырлануучу тараптан ижарага батир алып жашап жаткан.

Кармалган жаран саат 04:00дө Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Саат 08:45 чамасында С.И.Ж камерада жалгыз калган учурда спорттук күрмөсүнө асынып алган.

Окуя боюнча 26-октябрда чогултулган материалдар Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Учурда Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматынын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: go32.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14814