Дзюдочу Эрлан Шеров: Олимпиадада ийгиликке жетишкенден кийин гана жеке жашоону ойлоном
RU

Дзюдочу Эрлан Шеров: Олимпиадада ийгиликке жетишкенден кийин гана жеке жашоону ойлоном

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайда өткөн Азия чемпионатында дзюдо боюнча Кыргызстанга алтын байге алып келген спортчу Эрлан Шеров Kaktus.kg редакциясына маек берип, 15 жылдын ичинде кандай жолду басып өткөнүн, өзү жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

"Биздин үй-бүлө спортко жакын"

Атам жаш кезинен бери грек-рим күрөшү менен алектенет. Апам жеңил атлетика менен алектенчү. Бир тууган байкем да жеңил атлетика менен машыгат. Кыргызстандын чемпиону болуп жүргөн.

Дзюдо сүйүктүу спортум. Жан дүйнөм менен тандагам. Ушул спорттон жыйынтык чыгарам деп башынан эле максат койгом.

Спортто, эл аралык мелдештерде утулган күндө деле чет элди, жерди көрөсүң. Спорттун жаманы жок да. Ошол дагы бир жетишкендик деп ойлойм.

Ушул жылы Айбек Кубанычбек уулу 66 кг салмакта Тбилисидеги чоң мелдеште биринчини алды. Мен Азиядадагы жеңишимди тарыхый жеңиш деп эсептейм. Ушул негизги жеңиштер Кыргызстандын дзюдосундагы жаңы баракчанын башталышы болуп жатат деп айтсам болот.

"15 жылда көп жеңилдим, жеңдим дагы"

15 жылдын ичинде жеңилүү ызаасын көп тарттым, көп жеңдим. Көп жолду басып өттүм десем болот. Ар бир жеңилүүдө, жаракат алганда ичимде бир мүнөз пайда болот десем болот. Өжөрлүк, өзүмдүкүн бербейм деген мүнөз калыптанат. Менин оюмча баарында эле мындай мүнөз пайда болот деп ойлобойм. Анткени бизде дзюдого катышып кеткен спортчуларыбыз аябай көп. Бирок ошолордун ичинен бир-эки эле киши чыгып жатпайбы.

Бардык нерсе спорттук мүнөздөн көз каранды

Азия оюндарынын алдында чоң жоопкерчилик өзүбүзгө артып алганбыз. Мен татамиге чыкканга чейин башка спортчулар күрөшүп, жакшы жыйынтык көргөзбөй келе жатышкан. Акыркы болуп мен чыктым. Мен кураманын капитаны да болгондуктан эки эсе жүк болду, жоопкерчилик артты десем болот.

Биринчи орунду алып, биздин желек көтөрүлгөндө жеңилдей түштүм.

"Жеңилгендерди сыйлайм"

Азия чемпионатында финалда жеңишке жеткен учурда катуу кыйкыргым келди. Эмоцияларым абдан күчтүү болчу. Ошол эмоциялар дагы деле ичимде турат десем болот. Бирок финалдык беттеште таандашым өзбекстандык болду. Ал менен жакшы мамиледемин. Ошондуктан өзүмдүн урматымды көрсөтүп, катуу сүйүнбөй эле коёюн дедим. Негизи эң сонун сезимдер желек көтөрүлүп, өлкөңдүн гимни жаңырып жаткан учурда болот. Ошол сезимдерди айтып жеткириш кыйын.

"Олимпиадага барууга толук мүмкүнчүлүгүм бар"

Жеке менин Олимпиадага жолдомо алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүм жакшы. Негизи алдыңкы 25тикке киргендер Олимпиадага жолдомо алат. Мен азкыркы учурда бешинчи орунда турам.

"Текеберчиликти жаман көрөм"

Мусулманчылыкта да текеберчилик абдан жаман нерсе. Ошондуктан текебер болбой, жөнөкөй болууга аракет кылып келем. Бул ата-энебиздин бизге берген тарбиясы деп да билем. Алар баары менен бирдей мамиле курууну, алсызга жардам берүүнү үйрөтүшкөн. Бул мүнөз спортто эле эмес, жашоодо да болушу керек деп ойлойм. Ыймандуу болууга умтулам.

"Жеке жашоомду азыр ойлобойм"

Азыр жеке жашоону ойлонууга убакыт жок. Бойдокмун. Жеке жашоону Олимп оюндарынан баш байгени алгандан кийин курам деп жатам. Негизи тарбиялуу, билимдүү, бою узунураак кыздар жагат. Билимдүү жана эң негизгиси ыймандуу болсо экен деп тилейм.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14819