Үч адамдын өлүмүнө шектүү тергөөдө күнөөнү моюнуна алган видеосу сотто көрсөтүлдү
RU

Үч адамдын өлүмүнө шектүү тергөөдө күнөөнү моюнуна алган видеосу сотто көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызы, баласы жана апасынын өлүмүнө шектүү УКМКнын мурунку кызматкери Чынтемир Аширалиев бүгүнкү соттук отурумунда эки баласы менен аялды өлтүргөнүн моюнуна алган видеосу көрсөтүлдү.

Каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү 5-кичи районунда болгон. Анда 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектелип УКМКнын мурдагы кызматкери 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

27-октябрдагы соттук отурумда шектүүнүн кылмыш болгон үйдөгү окуяны айтып берген видеосу көрсөтүлдү.

Видеодо шектүү 5-кичи райондогу аял жашаган жерге барып, үйгө кантип киргенин көрсөткөн:

"Ашканага кирип столдогу аракты куйдум, Канзаманова аркы бөлмөдө кызын тилдеп жаткан. Ызы-чуу болуп кеткенинен чыксам чачташып турушкан экен. Алтынайды сүйрөп алып чыгып, балдарды уктай бергиле дедим. Арактан кийин вино куюп бердим. Ашканадан кызына дагы да кыйкырып жаткан. Мен рулда болгондуктан ичкен эмесмин. Кеттим десем мени да чапкылап кирди. Столдо бычак турган эле. Алтынай өлтүрөм, мага мындай кыздын кереги жок деп чуркады.

Катыныңа, туугандарыңа, кесиптештериңе кандай мамиледе жүргөнүбүздү айтып, уят кылам деди. Бычакты кандай алганым эсимде жок. Ал отурганда "успокойся" деп артына бычакты сайдым. Канча жолу сайганым эсимде жок, ал жатып калды. Шок болуп беш мүнөт турдум окшойт", - деди шектүү.

Ал андан соң уулу уктап жаткан бөлмөгө киргенин айтып берди.

"Салим (9 жаштагы уулу) уктап жаткан бөлмөгө кирип, аны муунта баштадым. Оозун жаздыкпы же колум мененби, бастым. Эсин жоготуп калды. Сайкалга келсем уктабай эле жаткан экен. Ыйлаган бойдон эмне болду деди. Залга чык дедим. Турганда артынан колум менен муунттум. Жыгылып калды. Берки бөлмөдөн бычак алып келип, Сайкалдын ичине сайдым.

Ал эки колу менен бычакты кармап "өлтүрбөңүзчү" деди. Жатып калганда ары барып, Салимдин жанында отурдум. Бир канча убак өткөндө унаанын сигнализациясы иштеди. Барсам Сайкал жок экен, айнекти карасам жерде жатыптыр. Чуркап сыртка чыктым. Сайкалды подъезддин жанына каттым дагы, домофонду бастым. Кирип жатканда камераны көрдүм. Сырттан балта таап, камераны чаптым. Анан Сайкалды алып кирип апасынын бөлмөсүнө жаткырдым", - деди ал.

Ал тышка чыгып дубалдардагы кандарды сүрткөн.

"Эшикке чыгып тепкич, дубалдардагы канды сүрдүм. Эшикти карап келдим. Кайра Салимдин жанына барып отурдум. Оюнчугун жанына коюп, үстүн жаптым. Сайкалда колумдун изи калды деп душка алып бардым. Минтип ваннага жаткырып, колум менен бетин жуудум. Сууну ачып койдум. Кайра Салимге барып отурдум. Канча убакыт өткөнүн билбейм. Ал дем албай эле болчу", - деди УКМКнын мурунку кызматкери.

Тергөөчүнүн "Медициналык жардам берсе сактап калса болот беле?" деген суроосуна шектүү "Жок, Салимдин жанында көпкө отурдум, колу муздап калган. Милицияга эч доом жок, ыктыярдуу айтып жатам. Мен өзүм милицияга келейин деп жаткам. Жасалган ишке өкүнөм, түнү уктабай күттүм" деди ал.

Ал эми "үч адамды сиз өлтүрдүңүз беле?" деген тергөөчүнүн суроосуна Аширалиев "ооба" деп жооп берди.

Эске салсак, соттун буга чейинки отурумунда шектүү биринчи көрсөтмөсүнөн толук баш тартып, милициялар кыйнап мойнуна алдыртканын айткан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14824