Кумтөр кенинде айдоочу каза болду
RU

Кумтөр кенинде айдоочу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөр кенинде оор жүк ташуучу техниканын айдоочусу кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 1988-жылы туулган А.Б.К. каза болгон.

"Учурда адам өлүмүнө алып келген кырсыктын себептери иликтенүүдө. Кызматкердин үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүп, материалдык жардам берилет", - дешти компаниядан.

"Кумтөр Голд Компанинин" жетекчилиги жана эмгек жамааты каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14827