Кызамык оорусунан улам Жалал-Абадда эки мектеп онлайн окутууга өттү
RU

Кызамык оорусунан улам Жалал-Абадда эки мектеп онлайн окутууга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 30-октябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Республикалык иммунопрофилактика борборунан жанан Билим берүү министрлигинен редакцияга кийинчерээк кеңири маалымат берилерин билдиришти.

Белгилесек, Республикалык иммунопрофилактика борборунун 28-октябрга карата берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери 2316 адамдан кызамык оорусу аныкталган. Аймактар ​​боюнча:

  • Бишкек шаары – 660;
  • Ош шаары – 302;
  • Ош облусу – 654;
  • Баткен облусу – 93;
  • Чүй облусу– 277;
  • Жалал-Абад облусу боюнча – 170;
  • Талас облусунда – 84;
  • Ысык-Көл облусунда – 65;
  • Нарын облусунда – 11.⠀

Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби - кызылча жана кызамык оорусуна каршы балдарды жана чоңдорду пландуу эмдөөнүн кыскарышы.⠀

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14833