Акыйкатчы Кыргызстанда адам укуктары көп сакталбаган тармактарды айтты. Маек
RU

Акыйкатчы Кыргызстанда адам укуктары көп сакталбаган тармактарды айтты. Маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда кайсы чөйрөдө адам укуктары көбүрөөк бузулуп, маселе кандай чечилип жатканы жана Акыйкатчы институтунун макамы тууралуу Kaktus.kg сайтына айтып берди. Маектешүүдө Ж. Жаманбаева учурдагы айрым мыйзам долбоорлору боюнча Акыйкатчы институтунун позициясын билдирди.

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору боюнча Акыйкатчы институтунун позициясы

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мызам долбооруна карата Акыйкатчы институту июль айында эле позициябызды билдиргенбиз. Анда мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айрым берене, пункттарды сөзсүз түрдө иштеп чыгышы керек деген сунушубузду бергенбиз. Анткени кээ бир беренелер эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт деген корутундубузду бергенбиз. Бүгүнкү күндө деле ошол позициябызды карманабыз. Учурда аталган мыйзам долбоордун концепциясы Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Биз эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана биздин сунуштарыбыз сөзсүз экинчи окууда эске алынат деп ишенебиз. Мыйзам чыгаруу функциясы Жогорку Кеңеште эле бар, ошондуктан биз бардыгыбыз биргелешип оюбузду билдиришибиз керек.

Кыргызстанда адам укуктары көп бузулган тармактар

Прогрессивдүү өлкөлөрдө, демократиялык принциптерди туу туткан мамлекеттерде укук бузуулар жок дегенден алысмын. Ар бир эле мамлекетте укук бузуулар болот. Албетте, Кыргызстанда да укук бузуулар бар. Ошол себептүү ар бир өлкөдө Акыйкатчы институттары иштейт. Биздин Конституцияга ылайык, акыйкатчы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзөт.

Биздин статистиканы карасак, Кыргызстанда 1 жыл ичинде Акыйкатчы институтуна 10 миңге жакын кат, кайрылуулар түшөт. Бул калктын санына карата алганда орточо болуп саналат. Жарандар кеңсебизге келишет, шаршемби күндөрү өзүм кабыл алып турам. Башка учурларда орун басарларым кабыл алат жана биздин бардык кызматкерлер жарандарды кабыл алууга дайым даяр. Келип түшкөн кайрылуулар боюнча айтсам, 3,5-5% жакыны балдардын, аялдардын укуктары бузулганы жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча маселелерге байланыштуу. Ал эми эң эле көп кайрылууларда - соттук процесстерге мониторинг жүргүзүп берүүнү суранышат. Экинчи орунда укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразы болуп кайрылгандар.

Сот органдарынын ишине кийлигишүүгө Конституцияда тыюу салынган

Конституцияда жазылгандай, Кыргызстанда соттор көз карандысыз орган болуп саналат. Алардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө тыюу салынган. Биз макамыбыз боюнча процессуалдык жагын эле кароого укуктуубуз. Соттук процесстер үчүнчү инстанцияда каралып бүткөндөн кийин ошолордун баарын карап чыгып, Жогорку Сотко пленум уюштуруп бериңиз деген кайрылууларды жасай алабыз.

Белгилесек, Жамиля Жаманбаева ушул жылдын май айында Кыргызстандын акыйкатчысы болуп дайындалган. Ал мурдагы кызматы менен азыркы кызматынын айырмасын жана пландары тууралуу буларды айтат.

Акыйкатчы эмне жумуш кыларын түшүнгөн эмесмин, азыр жагып жатат

Менин ишмердүүлүгүмө эч кандай кысым жок. Муну так айтып койсом болот. Мен прокуратура органында 20 жылдан ашык иштедим: акыйкатчы деген ким, эмне иш кылат деген ой болгон эмес. Эгерде акыйкатчыдан кандайдыр бир кат келип түшсө, жаман көрүп эле, бирдеме деп жооп берип койгулачы, эмнеге бизге жазып жатат деп түшүнчү эмесмин. Башында акыйкатчы эмне жумуш кыларын түшүнгөн эмесмин. Жумушум азыр өзүмө жагат.

Акыйкатчы институтунун авторитети төмөн экен

Учурда институтту ишин жакшыртып, макамын күчтөндүрөйүн деп жатам. Кызматкерлерге айтып жатам - биздин макамыбызга эмне кирет, кандай иш-чараларды өткөрө алабыз, укук коргоо органдарынан баштайбызбы, лекция окуйбузбу макамыбызды көтөрөлү деп. Анткени кээ бир мамлекеттик орган тарабынан адам укугу бузулса биз аларга кат жөнөтөбүз. Бирок унчукпай койгон учурлар болот. Мындай учурда ЖМКларга билдиребиз, ошолор колдошот, резонанс болот, мамлекеттик органдардын башчылары бизди жаман көрүшөт... Бирок, кечирип койгула, ишибиз ушундай экен.

Акыйкатчы институтунун алдыдагы пландарына 1 жылда аймактарга чыгып, социалдык көйгөйлөр менен жеринен таанышуу кирет. Ж. Жаманбаеванын айтымында, аймактарга чыгууда системалуу иш жүргүзүлүшү керек. Жарандардын маселелерин чечүү же чечип берүү жолдорун камсыздоо шарт дейт.

Маек соңунда Жамиля Жаманбаева жарандарга кайрылып, укуктары бузулган учурда дароо эле Акыйкатчы институтуна кабар берүүгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14840