Өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева болду
RU

Өлкөнүн акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчысы болду. Мындай чечим бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобу тарабынан сунушталган Жамиля Жаманбаева добуш берүүнүн жыйынтыгында 48 добушка ээ болду. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы жана депутат Сеид Атамбаев тарабынан сунушталган Бакыт Рысбековго 20 депутат "макул", бирөө "каршы" добуш берди.

"Ошентип, Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы болуп шайланды", - деди эсептөө комиссиясынын төрагасы Мурадил Сыдыков.

Жаңы акыйкатчынын өмүр баянын бул шилтемеден окуңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12306