Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат
RU

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Все самое интересное в Telegram

Садыр Жапаров Астанада өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги онунчу саммитине катышат. Маалыматты президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен барат.

"Саммиттин темасы "TURKTIME" (Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms-реформалар, Knowledge-билим, Trust-ишеним, Investments-инвестициялар жана Mutual Energy-өз ара энергия) болот. Өлкө лидерлери актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы көп тараптуу документтерге кол коюу, ТМУ Транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин планы, Түрк мамлекеттер уюмунда жана Түрк маданияты, мурасы фондунда бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле 6-февралды "ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү" деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынмакчы.

Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат", – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14853