Бомба тууралуу жалган маалымат таратканга шектелип дагы бир жаран кармалды. Видео
RU

Бомба тууралуу жалган маалымат таратканга шектелип дагы бир жаран кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан террордук акт тууралуу жалган маалыматтарды тараткан топтун мүчөсү кармалды. Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, интернет колдонуучулардын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу, уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу болжолдуу, жалган маалымат жана анонимдүү билдирүүлөрдү таратуу боюнча буюртмаларды кабыл алып иштеген КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топ аныкталган.

Бул топтун катарында Кыргыз Республикасынын А.Р.А. аттуу жараны да бар экени белгилүү болду.

Кармалган жаран ушул жылдын 30-октябрында VPN аркылуу Кыргызстандагы соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн. Ага чейин да, тагыраагы 18-июлда ГУМ соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги дагы аныкталды.

Учурда УКМК өнөктөш чалгындоо органдары менен биргеликте анонимдүү билдирүүлөрдү тараткан башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Ал эми кармалгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланат.

УКМК мындай жосундарды жасаган жарандар 259-беренесине (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14855