Эки аялы бар киши боюнча Муфтият үн катты. ИИМдин реакциясы
RU

Эки аялы бар киши боюнча Муфтият үн катты. ИИМдин реакциясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомчулукта кызуу талкууга алынган эки жубайы бар киши боюнча Муфтияттан үн катышты. Мыйзамда кош никелүүлүк жок экенин, түгөйлөрдүн никеси жок болсо тиешелүү органдар гана баа берет дешти.

"Ал киши менен аялдын ортосунда никеси бар болсо Кудайдын алдында күнөөкөр болбойт. Эгер кандайдыр бир муктаждыктар болгон болсо, ал кишинин үй-бүлөлүк абалы боюнча тиешелүү органдар баа бериши мүмкүн", - дешти.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул боюнча тиешелүү кызматтар зарыл иштерди жүргүзүп жатканын билдиришти.

Белгилесек, октябрь айыныны аягында тамада, ырчы Кубаныч Баркалбасов соцтармакка 60 жаш мааракедеги тойдон кыска видео жарыялап, сынга кабылды. Буга той ээсинин эки аялы бар экендиги себеп болгон.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 176-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алуу, башкача айтканда, эркектин эки же андан көп аялдар менен жалпы чарба жүргүзүү менен чогуу жашоосу - 100-300 саатка чейин коомдук иштерге же 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу менен жазаланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14860