Көлбаев, Матраимов менен байланышы бар делинип 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду
RU

Көлбаев, Матраимов менен байланышы бар делинип 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев (Асанбек) менен тыгыз байланышы барларды аныктоо боюнча пландуу иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.

Коопсуздук комиттен кабарлашкандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болгону аныкталды.

"Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ондогон кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошол эле учурда УКМК мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда", - дешти комитеттен.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14754