Finiko каржы пирамидасынын уюштуруучуларынын бири Түркиядан кармалды
RU

Finiko каржы пирамидасынын уюштуруучуларынын бири Түркиядан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Finiko каржы пирамидасынын уштуруучуларынын бири Түркиядан кармалды. Аталган каржы пирамидасы кыргызстандыктарга 1 млн 400 миң доллар зыян келтирген дешет ИИМдин маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын 100 жаранына ири суммадагы материалдык зыян келтирип, 1 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 43 жаштагы С.А. Анталия шаарында Интерпол тарабынан аныкталды. Ал буга чейин Бишкек ШИИББи тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык, кылмыштуу чөйрөнү түзүү жана ага катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Белгилесек, ИИМдин Интерполу Грузия жана Россиянын Интерполу менен биргеликте кылмыштарга шериктеш болгону үчүн Э.М. кармалган (Тбилиси шаарындагы №8 СИЗОдо, экстрадициялоо маселелери жүрүп жатат), андан тышкары А.Ч. (Россиядан Кыргызстанга экстрадицияланган) жана башка мамлекеттин жараны Д.К. кармалган.

Чет мамлекеттин жараны Д.К. акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу максатында финансылык кызмат көрсөтүү шылтоосу менен оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого багытталган туруктуу кылмыштуу топту түзгөн. Тактап айтканда, ал Finico каржы компаниясын уюштурган.

Finico каржы пирамидасына Кыргызстандын Э.М., А.Ч., С.А., Р.С., Л.Н., К.М. аттуу жарандары кошулуп, аймактарда башкаруучулук милдетти аткарышкан.

2019-2021-жылдар аралыгында жогоруда аталган адамдар уруксат документтери жок болсо да Бишкек шаарынын аймагында 17 кеңсени мыйзамсыз ачышып, республиканын аймагында иш жүргүзүп, жалпы суммасы 1 миллион 283 миң 414 доллар жана 5 миллион 764 миң 980 сомду түзгөн каражатты алдамчылык жол менен ээлеп алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14863