Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакыртылды. Видео
RU

Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакыртылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 9-ноябрда УКМКга чакыртылды. Эл өкүлү күбө катары чакыртылганын билдирди.

"Чакырышты. Эмне маселе экенин билейин. 2 жыл мурда Свердлов районунда шайлоо өткөн, ошол боюнча менин тарапташтарымды 10 күн мурун алып кетишиптир. Күбө катары чакырды", - деди ал.

Буга чейин Шайлообек Атазов менен кримтөбөл Женгонун сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Андан кийин депутат 2 күндөн бери каралоо абдан катуу жүрүп жатканын айтып, өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14897