Чек ара чырында жаракат алган, каза болгон аскерлерге, жакындарына кандай жардам берилген?
RU

Чек ара чырында жаракат алган, каза болгон аскерлерге, жакындарына кандай жардам берилген?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы учурда социалдык тармак аркылуу айрым аскер кызматкерлери, мекен сакчылары документ, каржылык жардам же мамлекет тарабынан кошумча көмөк алуу боюнча ар кандай кайрылууларды жасап жатышат. Буга байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматы соцтармак аркылуу эмес, мекемеге түз кайрылууну өтүндү.

Чек ара кызматынын билдирүүсүндө аскер кызматчыларына мыйзам боюнча жеңилдиктер, кепилдиктер каралган деп айтылат. Ага ылайык:

  • 2021-жылдын апрель айында жана 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы коогалаңда каза тапкан аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө мыйзамда көрсөтүлгөн камсыздандыруучу төлөмдөр берилген. Үй-бүлөдөгү багуучу каза тапканына байланыштуу жашы жете элек балдарына жөлөк пул чегерилген.
  • Каза болгон жана оор жаракат алган аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү турак жайлар (батир, турак үй) менен кайтарымсыз негизде камсыздалган.
  • 2021-жылдын апрель айында жана 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу кагылыш учурунда ар кандай жаракаттарды алган аскерлерге тиешелүү медициналык жардамдар аягына чейин көрсөтүлгөн: стационардык дарылануудан тартып, калыбына келүү жана чет өлкөгө чейин барып дарылануу.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, аскер кызматкерлерине алган жаракаттарына жараша камсыздандыруу төлөмдөрү берилген.
  • Алган жаракаттарынан улам майып болуп же андан ары аскердик чөйрөдө ишин уланта албай калгандарга камсыздаруучу төлөмдөр берилип, андан тышкары ай сайын майыптыгы боюнча пенсия чегерилип турат.
  • Айтылган категорияга кирген аскерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө демөөрчүлүк жардам берилген.

Буга чейин майыптыгы боюнча тиешелүү документти ала албай жатканын айткан запастагы прапорщик Турусбек Ниязбековдун кайрылуусу боюнча Чек ара кызматы буларды билдирет.

"Т.Ниязбеков 2021-жылдын апрель айында чек ара жаңжалында октон оор жаракат алып, 2023-жылы аскердик кызматтан кеткен. Ага камсыздандыруучу төлөмдөр берилген. Учурда Т.Ниязбеков майыптык категориясын алуу үчүн тиешелүү процедуралардан өтүп жатат. Чек ара кызматынын аскердик дарыгерлери зарыл болгон жардамдарды көрсөтүп жатышат.

Ал документ алгандан кийин майыптыгы боюнча (тобуна жараша) камсыздандыруучу төлөм алат жана майыптыгы боюнча пенсияга чыгат", - дешти ведомстводон.

Чек ара кызматы аскер кызматчыларына жана алардын жакындарына тиешелүү жардам алуу үчүн биринчи кезекте мекемеге кайрылууга чакырат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14946