Үй камагында жүргөн Коён аттуу криминал дагы башка кылмыш жасаганга шектелип кармалды
RU

Үй камагында жүргөн Коён аттуу криминал дагы башка кылмыш жасаганга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кылмыш чөйрөсүндө Коён деп таанылган жаран дагы башка кылмыш жасаганга шектелип кармалды. Бул ирет ал шериги менен унаа саткан жарандарды алдап кеткен дешет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 18-октябрда Lexus ES унаасын Н.М. аттуу жаран 27 миң долларга баалап, акчаны 31-октябрда берүүнү убадалаган. Бирок акчаны бербестен, ар кандай шылтоолорду айтып жүргөн. Тергөө ишинин жүрүшүндө Н.М. унааны 28-октябрда 25 миң долларга сатып, акчаны өз кызыкчылыгына иштетип жибергендиги аныкталган. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Андан кийин шектүүнүн үстүнөн дагы бир арыз түшкөн. Кара-Суу районунун 29 жаштагы тургуну Kia Sorento үлгүсүндөгү эки унаасын сатып алмакчы болгондор унааларды 45 миң долларга баалашкан. Бирок акчасын кийинчерээк берерин айтып, ага чейин 60 даана iPhone14 жана iPhone15 "телефондорун" таштап кеткен. Акчаны бербей, кечиктирип жаткандыктан машина ээси бир телефондун кутусун ачкан. Коробканын ичинде 3 даана кебезге оролгон болт болгон. Калган коробкалардан да болт чыккан.

Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.С. аттуу кыз жана Н.М. кармалды.

Маалымат иретинде: кылмыштуу топтун мүчөсү Н.М. Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну. Ал 2015-жылдан бери 4 жолу соттолгон.

2023-жылдын ичинде эле башка кылмыштарга шектүү катары бир нече ирет кармалып, сот тарабынан үй камагына чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14952