Коён каймана аты менен жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү бошотулду
RU

Коён каймана аты менен жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сот резонанстуу окуяларга катышкан Коён аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн бошотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Ош облустук сотунан билдиришти.

Белгилесек, 22-июлда Ош шаарында 22 жаштагы жигит сабалып, ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу бассейндердин биринде эс алып жүргөндө белгисиз адам менен пикир келишпестиктен улам уруша кетип, белгисиз адам далысына бычак сайганын айткан. Кылмышка шектелип 1995-жылы туулган Н.М. аттуу жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Коён экени такталган.

Маалым болгондой, 29-августта Ош шаардык соту жабырлануучу тараптын тосмо арызы бар болгондуктан, шектүүнүн жактоочусунун ишти кыскартуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган. Анын негизинде шектүү бошотулду.

Эске салсак, 2023-жылдын январь айында Ошто чуулгандуу окуя катталган. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү каршы топтун өкүлдөрүн катуу сабаган. Анда топтун бир мүчөсү арматура менен катуу сабалып, колу, буту сынган. Дал ошол жабыркаган адам Коён болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14246