Жалал-Абадда 2010-жылдагы башаламандыктын уюштуруучулары кармалды
RU

Жалал-Абадда 2010-жылдагы башаламандыктын уюштуруучулары кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктын уюштуруучулары кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Такталгандай, ушул жылдын 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Г.Т.У. кармалды.

Ал 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында массалык башаламандыкты уюштурууга активдүү чакырык таштап, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган топтордун лидерлеринин бири болгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Р.А. аттуу жарандын да сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы "Круговое" деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон.

Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп - 6,5 мм калибрлүү SAKO TRG-22 снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) Prazise Jagen оптикасы жана Pulsar түнкү көрүү аппараты менен SAUER 101 карабини (мылтык), 1-12 калибрдүү жылмакай көздүү курал FABARM XLR, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылып алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14955