Ташиев: "Акылбек Жапаров уюшкан кылмыштуу топ менен байланышса жоопко тартууга даярмын"
RU

Ташиев: "Акылбек Жапаров уюшкан кылмыштуу топ менен байланышса жоопко тартууга даярмын"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маркум кримтөбөл Көлбаевдин апасынын туулган күнүнө барганына реакция жасады. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевдин кримтөбөлдүн лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы боюнча үн катты.

Ташиевдин айтымында, бийлик Азим Рой менен болгон сындуу сүйлөшүүлөрдү, Көлбаев жана Райымбек Матраимов менен да жүргүзгөн.

"Мындан үч жыл мурун бийликке келгенде мыйзамды бузбагыла, элге зыян келтирбегиле, өз жашооңор менен жашагыла, ошол кездеги каражатты элдин кызыкчылыгына жумшагыла деп айтканбыз. Алар макул болуп, алтургай суммаларды төлөп беришкен, бирок акыркы жылы кайра эле өз иштерин уланта башташты. Матраимов кайра Эркечтам постундагы бажыны көзөмөлдөй баштады, акча чогултту. Биз буга көз жумуп коё алган жокпуз. Менин көзүмдүн тирүүсүндө уюшкан кылмыштуу топтордун, жемкорлордун жана башкалардын атынан мамлекетке каршы аракеттер болбойт! Мен буга жол бербейм! Мына, алар бизди укпады, биз аларды жазалап жатабыз.

Ал эми Акылбек Үсөнбекович тойго беш жыл мурун барган экен. Көлбаевди таанычу. Мен да аны менен таанышмын. Бирок ал [Акылбек Жапаров] биз менен үч жылдан бери иштешип келе жатат жана ушул убакка чейин аны менен эч кандай байланышы жана мамилеси болгон жок. Эгерде Акылбек Үсөнбековичтин уюшкан кылмыштуу топтор, Көлбаев менен кандайдыр бир байланышы болсо, кандайдыр бир операцияларды жасап, алар менен чай ичсе мен аны жоопко тартууга даярмын.

Эмне үчүн Акылбек Түмөнбаевди жоопко тартпайбыз? Ал депутат, аны эл шайлаган. Эл кандай депутаттарды шайласа, ошолор менен иштешип жатабыз. Бирок алардын арасында да тазалоого аракет кылып жатабыз. Бүгүн эле анын мандатын алып, кууп чыга албайбыз, аны эл шайлады. Эгерде анын ордунда мамлекеттик кызматта иштеген чиновник болсо, мен аны дароо кызматынан кетирмекмин. Ал бир сааттан кийин кетип калмак. Өзү чечсин, анын абийирине коёлу. Өзүн мандатын таштап кетем десе, жакшы болот, эгер жок болсо, билсин. Бирок анын Камчы Көлбаев менен байланышын азырынча ачыктай элекпиз. Эгер аныктап калсак, мен иш козгойм. Алардын байланышы тууралуу маалыматыңыз болсо бизге кабарлаңыз. Биз дароо жоопко тартабыз. Мындан ары эч кимге ырайым болбойт. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтор менен кандайдыр бир байланышы барларга. Ушундай жол менен биз сиздер менен биргеликте тартипти орнотобуз", - деди Ташиев УКМКнын Чүй облусу боюнча жаңы имаратынын ачылыш аземинин катышуучуларына кайрылып.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14972