Жалал-Абадда таштандыдан жаңы төрөлгөн кыз табылды
RU

Жалал-Абадда таштандыдан жаңы төрөлгөн кыз табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда таштанды таштоочу аянттан ымыркай табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына маалыматты ырастап, ымыркай учурда ооруканада жатканын билдирди.

Маалым болгондой, 18-ноябрда саат 08:40 чамасында Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылган.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы - 2005-жылы туулган Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну Т.Э. экендиги аныкталды. Ал таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан.

18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларында убактылуу жашаган батиринин душунун ичинде төрөп, коркконунан төрөгөн кызын кийимге ороп, таштанды таштоочу жайга алып барып таштап койгон.

Ымыркайды таштанды таштоочу жайдан таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү төрөт үйүнө алып барышкан. Анын абалы оор болуп, дене табы түшүп кеткен. Кыздын бою 44 сантиметр, салмагы 2300 грамм.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14983