Телефон үчүн боюн таштады делген кыздын апасы: Мектептен бутун талкалап беришти
RU

Телефон үчүн боюн таштады делген кыздын апасы: Мектептен бутун талкалап беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 6-класстын окуучусу 2-кабаттан боюн таштап, буту сынган. Окуя ушул жылдын октябрь айында болгон.

1 айдан ашык убакыттан кийин кыздын апасы "Адилет" укук коргоо уюмуна кайрылып, болгон окуяга окуучуну күнөөлүү кылуу аракети болуп жатканын айтат. Мугалимдин күйөөсү Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен байланышы бар тааныштары менен коркутуп, арызды кайтарып алууну талап кылганын билдирди.

"Кызым мага бул биринчи жолу эмес экенин айтып берди. "Ал мени дайыма басынтат, кыйкырып урушат" деп айтты. Кызым орус класста окуйт, кыргызча түшүнөт, бирок кыргыз тилинде оюн жакшы жеткире албайт. Мен кызымдан мугалим эмнеге урашат деп сурасам, "мен кыргызча көп сөздөрдү айта албаганым үчүн урушат" деди. Кызым кыргыз тилиндеги базалык эле сөздөрдү билет", - дейт жабырлануучунун апасы.

Кыз 2-кабаттан секиргенден кийин оозунун ичи айрылып, ээктери сынган, тиштери сынып, кыйшайып калган. Бир буту сан сөөгүнөн сынган. Окуучу менен баарлашкан психолог мугалим кызга эмоцианалдык залал келтиргенин айткан.

"Үй-бүлөдө уруш көрбөй өскөн бала мектепке барганда мугалимдерден тил укса аябай катуу намыстанып каларын психолог айтты.

Окуя болгондон 4 күн өткөндөн кийин мугалим ооруканага келип: "Мага жиниңиз келип жатса керек, кааласаңыз уруп алыңыз, тытып алыңыз", деп таң калтырды. Андан кийин мугалимдин күйөөсү да агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, арызды артка алууну талап кыла баштады.

"Кызды бутуна тургузам, мен күнөөлүүмүн" деп нотариалдык түрдө жазып бергиле анан арызды алам дедим. Алар кечирим да сурашкан жок, кайра мени Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен байланышы бар тааныштары менен коркута башташты", - дейт.

Кыздын апасын шаардык билим берүү башкармалыгынын аракети аябай капаланткан. Айтымында, аталган башкармалыктан мугалимди актап, болгон ишке окуучуну күнөөлүү деп табуу аракети болгон.

"Мектепте кызымдын саламаттыгы талкаланып жатса, кызматкер жумуш ордуна кабатыр болуп жүргөнү нааразы кылды. Милиция бул окуя телефон үчүн болгон деп маалымат таратты. Негизи телефон үчүн болгон эмес, кызымды урушуп, боюн таштоого жеткирип койгон. Биз ооруканада жашоо үчүн алышып жатсак социалдык тармактарда "тарбия көргөн эмес" дешип, кызымдын психологиялык абалын туруксуз деп баалап коюшуптур. Кызым үйдөн буту менен чыгып кеткен, мектептен кызымдын бутун талкалап беришти", - деди жардамга муктаж эне.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14988