Камчы Көлбаевдин унаалары аукционго коюлду
RU

Камчы Көлбаевдин унаалары аукционго коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги люкс класстагы унаалар электрондук аукционго коюлганын жарыялады. Аталган агенттиктен кримавторитет Камчы Көлбаевге (Асанбек) таандык унаалар да бар экенин ырасташты.

Электрондук аукцион http://auctionetp.gov.kg порталында жүргүзүлөт. Башталышы 11-декабрь, саат 12:00.

Электрондук аукционго катышуунун шарттары жана кеңири маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттинин сайтынан табууга болот.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Көлбаевдин каражатына сатылып алынган 15 баш асыл тукум жылкыларын бааларын жарыялап, аукциондо сатыларын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14990