Көлбаевдин дээрлик 80 млн сомду түзгөн асыл тукум жылкылары аукциондо сатылат
RU

Көлбаевдин дээрлик 80 млн сомду түзгөн асыл тукум жылкылары аукциондо сатылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Камчы Көлбаевдин (Асанбек) каражатына сатылып алынган 15 баш асыл тукум жылкыларын бааларын жарыялады. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К. Көлбаев тарабынан алынган 15 асыл тукум жылкылардын суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 млн 790 миң сомду түзгөн.

  • Беш кашка - англис таза кандуу айгыры, баасы 44 млн сом
  • Командор - англис таза кадуу айгыры, баасы 26 млн 400 миң сом
  • Раушан - англис таза кандуу айгыры, баасы 2 млн 200 миң сом
  • Дончак - донск-англис айгыры, баасы 300 миң сом
  • Кундуз - англис бээси, баасы 900 миң сом
  • Хан сулуу - англис бээси, баасы 900 миң сом
  • Острый - аталышындагы чабылган аты, баасы 140 миң сом
  • Рошал - англис бээси, баасы 150 миң сом
  • Ай-Чолпон - таза кандуу бээ, баасы 440 миң сом
  • Ак Бермет - таза кандуу бээ, баасы 356 миң сом
  • Көк-Серек - бээси, баасы 100 миң сом
  • Көк-Жал - жарым тукум айгыры, баасы 60 миң сом
  • Бактөр - минген аргымагы, баасы 704 миң сом
  • Бай Тору - бээси, баасы 440 миң сом
  • Эркиндик - англис айгыры, баасы 2 млн 700 миң сом
УКМКдан кошумчалашкандай, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү аукционго коюлуп, сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14812