Тенгиз Бөлтүрүккө козголгон кылмыш иши боюнча сот чечим чыгарды
RU

Тенгиз Бөлтүрүккө козголгон кылмыш иши боюнча сот чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы убактылуу тышкы башкаручусу Тенгиз Бөлтүрүккө карата козголгон кылмыш иши каралды.

Анда соттолуучу судьядан анын эсептерин камактан чыгарууну суранды. Сотко төрагалык кылган судья Илязбек Тажибаев Тенгиз Бөлтүрүктү 800 миң сом айыпка жыкты. Ал эми соттолуучунун эсептерине камак салуу (2065 доллар жана 5601 сом) өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат.

Башкы прокуратуранын эсебине түшкөн 10 миллион сомду "Кумтөргө" которууну өкүм кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14992