Токтогул ГЭСинде күзөттө турган жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды. Жаңы жагдайлар
RU

Токтогул ГЭСинде күзөттө турган жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды. Жаңы жагдайлар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул ГЭСин кайтарууда кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды. Ал бүгүн, 21-ноябрда саат 16:00 чамасында колго түшүрүлгөнүн ИИМден билдиришти.

Белгилесек, 20-ноябрда болжол менен саат 06:10 чамасында Токтогул ГЭСинин каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постто күзөттө турган катардагы жоокер Б.У. (21 жашта, Бишкек шаарынын тургуну) өзү менен чогуу кызмат өтөп жаткан жоокерди (Ош облусунун 20 жаштагы тургуну Т.С.) пикир келишпестиктен улам колундагы куралы менен атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Аны издөөгө Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана атайын түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери тартылган. Анын жүрүшүндө Б.У. Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жатканы аныкталып, сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү.

Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды. Азыркы учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлдү жана тергөө амалдары жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14994