Министрлик Надира Нарматовага берилген төш белги боюнча түшүндүрмө берди
RU

Министрлик Надира Нарматовага берилген төш белги боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланып, сүрөттөрү социалдык тармактарга тараган.

Билим берүү жана илим министрлиги депутатка берилген төш белги боюнча үн катып, Н. Нарматова эмне үчүн сыйланганын түшүндүрдү.

"Надира Нарматова билим жана илим чөйрөсүнө кошкон салымы, көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланды", - деп айтылат маалыматта.

Бирок министрлик Надира Нарматова кандай салым кошконун, билим берүү мекемелерине кандай техникалык жардам бергенин так көрсөткөн жок.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары билим берүү жана илим системасынын кызматкерлеринин арттыруунун,

алардын кесиптик, илимий-теориялык деңгээлинин өсүшүнө дем берүүчү каражат болуп саналат.

Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы;
  • "Билим берүүнүн мыктысы" төш ​​белгиси;
  • "Илимдин Мыктысы" төш белгиси ("Илимдин отличниги");
  • "Кызматташтык салымы үчүн" медалы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14995