Союзбек Надырбеков Улуттук маданий борбордун директорлук кызматынан кетти
RU

Союзбек Надырбеков Улуттук маданий борбордун директорлук кызматынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директору Союзбек Надырбеков кызматын тапшырды. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, башка жумушка которулганын билдирди.

"Президентибиз, өкмөт башчыбыз жана башка жетекчилер катышкан мамлекеттик, эл аралык, юбилейлик иш-чаралардын маданий багыттарын татыктуу уюштурууга болгон күч-аракетибизди жумшадык. Мамлекеттик ири иш-чараларга жаңы жүздөрдү алып чыгууга, жеринде өткөн иш-чараларда жергиликтүү маданият инсандарын катыштыруу саясатын активдүү койдук", - деди ал.

Белгилесек, Союзбек Надырбеков ушул жылдын февраль айында Улуттук маданий борборго директор болуп дайындалган. Ага чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15005