"Манастын 40 чоросундай иштедик". А.Жапаров президенттин командасынын жетишкендигин айтты
RU

"Манастын 40 чоросундай иштедик". А.Жапаров президенттин командасынын жетишкендигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун командасын Манастын кырк чоросуна салыштырып, команданын жетишкендиги - саясий корррупцияны демонтаждоо экендигин айтты. Бул тууралуу Акылбек Жапаров 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жыйынында баяндама жасаап жатканда айтты.

"Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылды. Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн доллар), Манас банк (18 млн доллар), Таш-Көмүрдөгү (60 млн доллар) завод кайтарылды. Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча жеңишке жеттик", - деди.

Ал эми саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш болгонун белгиледи.

"Бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган жана акыркы 30 жылда өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн шарты. Садыр Нургожоевич мамлекетти иретке келтирүү үчүн экономиканы мага, күч блогун Камчыбек Кыдыршаевичке берди. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш – бул мамлекетке салык төлөтпөй жүргөн, крыша болгондор менен күрөш! Булар менен аралашкан бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер тазаланып жатат.

Азыр Министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же "мурдагыдай жүрө берсе болот" дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатат. Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок. Өлкөбүздөгү аткарылып жаткан иштерде сиздердин түздөн-түз салымыңыздар бар.

Баарыбыз Манастын кырк чоросундай күчтүү команда болуп иштедик.

Ынтымак болбосо, мамлекет жоголот - "Бирөө айдалып Кангайга, бирөө айдалып Алтайга, бирөө тентип Эренге, бирөө түшүп тереңге". Эл таруудай чачырап, бөлөк калкка сиңип, тилин, дилин, үрп-адатын, наркын акырындап жогото берет. "Миң да болсо кырылат, пил да болсо жыгылат", элдин байлыгы да, көптүгү да, баатырдыгы да түккө турбай калат. Биримдик, ынтымак, акыл-эс, билим жана күчтүү саясий эрк – азыр мунун баары бизде бар!", - дейт Министрлер кабинетинин төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15007