Терезеден секирген кыздын окуясы. Мугалим өзүнүн версиясын айтып берди
RU

Терезеден секирген кыздын окуясы. Мугалим өзүнүн версиясын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 6-класстын окуучусу 2-кабаттан боюн таштап, буту сынган. Кыздын апасы "Адилет" укук коргоо уюмуна кайрылып, нааразычылыгын айткан. Жабырлануучу тараптын пикиринен кийин кыргыз тили боюнча мугалим да аталган уюмга кайрылып, болуп өткөн окуя боюнча өзүнүн версиясын айтты.

Элиза Саттарова 35 жашта. Жолдошу экөө беш баланы тарбиялап келишет. Учурда кош бойлуу.

Ал окуучу кызга эч убакта психологиялык басым жасабаганын, муну башка окуучулар да ырастап бере аларын белгилейт. Кыздын терезеден боюн таштоосуна телефон себеп болбогонуна мугалим да кошулат. Ал окуучунун жана кечигип келген кыздын телефонун алып койгонун, бирок кыздар түшүнүү менен мамиле жасашканын билдирди.

"Кыз терезеден кулаганда мен досканы карап тургам. Ал күнү 6-класстын окуучуларына төртүнчү сабагымды өтүп жаткам. Кимдир-бирөөлөрдүн жеке мамилесине таасир этүүгө физикалык жактан мүмкүн эмес болчу. Класста 42 окуучу окуйт", - дейт.

Ал эми боюн таштаган кыз өтө токтоо, түнт, мугалимдер менен эч кандай чатакташпаган кыз деп мүнөздөйт. Бирок мугалим кыз эмне үчүн терезеден секирген деген суроого жооп бере алган жок. Ал кыргыз тил сабагы (кызга жакчу эмес) кызга акыркы тамчы болду деп ойлойт.

Кыз ооруканага түшкөн күнү, андан кийинки күнү да мугалим абалын билүү үчүн барганын айтууда. "Кызды, анын апасын да көрдүм. Сүйлөшөйүн деп күтсөм чоң апасы кыздын апасын беймаза кылбай эле коюуну сунуштады.Төртүнчү күнү жолукканыбызда апасы кызды бутуна тургузуп беришим керектигин айтты. "Мен ага мугалим катары да, күнөөлүү катары да эмес, анын абалын түшүнгөн эне катары кабыл алуусун сурандым", - деди.

Элиза Саттарова акча маселесинде аларды туура эмес түшүнүшкөнүн айтты. "Алар акчанын жардамы менен маселени чечкени жатат деп ойлоп калышты. Мен жөнөкөй үй-бүлөдөн болом, жада калса өзүмдүн үйүм да жок, жолдошумдун ата-энесинин үйүндө турам. Кошумча акчам жок. Кыздын дарылануусуна каражат керек болгондуктан, жөн гана жардам катары берилген болчу".

Мугалимдин күйөөсү Курстанбек Токтомамат уулу алардын көрсөткөн жардамын окуучунун апасы менен чоң энеси алсыздык жана күнөөнү моюнга алып жатат деп кабыл алышканын айтты.

"Мен 20 миң сом бердим, андан тышкары ырым жасадык – кыздын үйүндө кой союп, кошуналарды чакырдык. Мындай көрүнүш кайталанбасын деп мектепте дагы бир кой союлган. Балким, андай кылбаш керек болчу. "Мен муну адамгерчиликтен жана боорукердиктен улам жасадым. Бирок алар муну күнөөмдү моюнга алуу катары кабыл алышты", - деди Курстанбек Токтомамат уулу.

Жабырлануучу тарап өз кайрылуусунда мугалимдин күйөөсү Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен байланышы бар тааныштары менен коркутуп, арызды кайтарып алууну талап кылганын билдирген. Бирок Курсантбек мырза муну таптакыр четке кагат.

Алардын биздин көйгөйлөргө кийлигише тургандан башка жумушу жокпу? Мен мындайды айта алмак эмесмин.

Учурда мугалим менен анын жолдошу терезеден секирген кыздын толук сакайып кетишин тилеп жатышканын айтышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15013