Тротуарлардын айынан "Бишкекасфальтсервистин" жетекчилери иштен алынды
RU

Тротуарлардын айынан "Бишкекасфальтсервистин" жетекчилери иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкекасфальтсервистин" жетекчилери иштен алынып, подрядчыларга айып пул салынды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриянын маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, мэрия тарабынан 2023-жылдын август айында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына подряддык уюмдар менен биргеликте шаардын көчөлөрүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырылган.

Тротуарларды капиталдык оңдоо 21 көчөнү камтуу менен каралган. Тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен 12 подряддык уюмдун ортосунда келишим 30-сентябрга чейин белгиленген. Бирок ар кандай себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин бул подряддык уюмдар өз милдеттенмелерин аткарган эмес.

Келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткарбаган подрядчыларга айып пул салынат. Мындан тышкары "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын тротуарларды капиталдык оңдоого конкурс өткөрүү бөлүгүндө талдоо жүргүзүүдө айрым мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

  • Тактап айтканда, Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Жаш Гвардия бульварына чейинки тротуарын капиталдык оңдоодон өткөрүү келишим атайын техникалары жок уюм менен түзүлгөн (асфальт төшөөчү, жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тонна самосвалдар).
  • Логвиненко көчөсүнүн Чүй проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейинки тротуарын капиталдык оңдоо боюнча келишим унаа жолдорун жана тротуарларды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткарууда жетиштүү тажрыйбасы жок компания менен түзүлгөн.

Өз кезегинде муниципалитеттин "кара тизмесине" киргизүү үчүн материалдар даярдалууда, бул тизмеге 8 компания кириши мүмкүн.

Тротуарларды курууда тажрыйбасы жок, атайын техникалары жок тендерге катышкан фирмаларга карата КРнын мыйзамдарына ылайык каражаттарды регресстик тартипте калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактабагандыгы, подряддык уюмдарды өз убагында жана талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдагандыгы үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотту. Буга байланыштуу "Бишкекасфальтсервис"муниципалдык ишканасына убактылуу тышкы башкаруучу дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15038