Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев жаңы кызматты ээлеген. Бирок жарыя кылган эмес
RU

Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев жаңы кызматты ээлеген. Бирок жарыя кылган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын сентябрь айында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорлугунан бошотулган президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев жаңы кызматка келген. Ал "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасын жетектеп жатканын Бишкек шаардык мэриясынын расмий сайтындагы маалымат тастыктайт.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы ишкананын жаңы жетекчисин дайындоо боюнча маалымат тараткан эмес, ал эми Турусбек Түмөнбаевдин дайындалышы боюнча мэриянын сайтында "Жаңылыктар" бөлүмүндө эч кандай маалымат жок. Бирок Бишкек мэриясы мындай дайындоолор боюнча дайыма маалымат берип келген. Буга чейин Максат Шеримбаев "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси болчу.

Бишкек мэриясындагы өздүк булак Kaktus.media сайтына билдиргендей, президенттин кудасы акыркы үч-төрт айдан бери ишкананын директору болуп иштеп келет. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон. Бул маалымат эмне үчүн жарыяланбаганы боюнча комментарий берген жок.

Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун эжелеринин биринин кайнагасы. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын сентябрына чейин "Унаа" мамлекеттик мекемесин жетектеген. Турусбек Түмөнбаевдин кызматтан алынышы кызы Айгерим Тогузбаева катышкан тендердеги көз боёмочулук жаңжалына байланыштуу.

Министрлер кабинети жарым миллиард сомдук тендерди жокко чыгарган. Ошол кезде кабминди жетектеп турган Улукбек Марипов президенттин буйругунан кийин тендер өтпөй калганын билдирген. Ал эми Садыр Жапаров кудасынын кызматтан алынышы боюнча комментарий берип жатып, аны жөн эле кызматтан алганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11177