Кара-Суу жана "Дордой" базарларынын соодагерлери ККМден бошотулат
RU

Кара-Суу жана "Дордой" базарларынын соодагерлери ККМден бошотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы базардын жана "Дордой" базарынын ишкерлери кассалык аппараттарды колдонуу милдетинен бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилесек, бүгүн, 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери митингге чыгышкан.

"Митингдин катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, нааразычылыкка чыккандар учурда иштерин улантууда. Кара-Суу соода жайынын аймагындагы бардык базарлардын ишкерлери жана оюн-зоок борбору кассалык аппараттарды колдонуу милдетинен бошотулат", - дешет Салык кызматынан.

Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объектилерге кирген базарларда иш алып барган ишкерлер атайын салык режиминде иш жүргүзө алышат. Мындай объектилерге "Дордой" базары (Бишкек) жана Тураталы эл базары (Кара-Суу) кирет.

2024-жылдын 1-январынан тарта алар өзгөчө режимдик зонанын ичинде товарларды сатууда контролдук-кассалык машиналарды, ЭСФ (электрондук эсеп фактурасы) жана ЭТТН (товардын транспорттук коштомо кагазы) колдонуудан бошотулат.

Атайын салык режими - киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, кошумча наркка салыкты алмаштырат жана акциздик товарларды жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарларды кошпогондо, товарларды сатууга карата колдонулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15047