Депутат Кыргызстандагы убакытты 1 саат артка жылдырууну сунуштады
RU

Депутат Кыргызстандагы убакытты 1 саат артка жылдырууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутат Миргүл Темирбаева Кыргызстанда убакытты 1 саат артка жылдырууну сунуштады. Ал, коомчулукта саатты артка жылдыруу менен электр жарыгын үнөмдөөгө жана калктын психикалык саламаттыгына жакшы жардам болору айтылып жатканын белгиледи.

Айтымында, Кыргызстан Өзбекстан, Тажикстанга салыштырмалуу 1 саат алдыда жүрөт.

"Кыргызстанда сааттын жебеси 1924-жылдан бери 6 жолу жылдырылган. 2005-жылдын августунан бери Бишкек убакыттын алтынчы алкагында турат, ошондон бери убакыт жылдырылган эмес. Кыргызстандын аймактарында да убакыт боюнча айырмачылык бар. Бул жөнөкөй көрүнгөнү менен өзгөчө көңүл бурууга татыктуу маселе.

Күн сайын таң атпай балдарыбызды ойготуп, бала бакчага, сабакка жөнөтөбүз, ошол эле учурда өзүбүз да шашып жүрөбүз. Мындайча айтканда стресске кабылган учурлар болот. Ошондой эле айыл жергесинде өзгөчө кыйынчылыкка кабылган учурлар бар. Таң эрте сабакка, бала бакчага баратып иттерге таланган учурларды угуп эле жүрөбүз.

Эрте туруу балдардын сламаттыгына терс таасир этет деген адистердин аныктамалары да бар. Ушуларды эске алуу менен Кыргызстанда убакытты 1 саат артка жылдырууну сунуштайм", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15053